Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-майында УКМК жана УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын бейтарап аймагынан КР П.А.Ш. аттуу жаранынын башкаруусундагы «Mercedes Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаа 325 унаа дөңгөлөктөрү менен кармалган.
Соода-өнөр жай палатасынын адисинин эксперттик корутундусуна ылайык, кармалган контрабандалык товардын жалпы суммасы 520 миң сомду түзөт.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда керектүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.