7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнамалар алынууда

138

Ленин районунун аймагында тышкы жарнамаларды жана маалыматтык көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарын сактоо, ошондой эле башаламан жайгаштырылган электр жана интернет кабелдерин иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

Чүй проспектисинин Павлов, К. Кулиев жана Б. Бейшеналиева көчөлөрү менен кесилишкен тилкелеринде, ошондой эле Манас көчөсүнөн (мурдагы Ю. Фучик көчөсү) Иманалы Айдарбеков көчөсүнө (мурдагы Жаш Гвардия  бульвары) чейинки аралыкта ишкердик субъекттери тарабынан өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн аймактардын көрктөндүрүлүшүн жана санитардык абалын жакшыртуу максатында башаламан жайгаштырылган кабелдер менен зымдарды жыйноо жана иретке келтирүү иштери аткарылды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга, коомдук тартипти камсыз кылууга, санитардык тазалыкты сактоого жана тышкы жарнамаларды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарын аткарууга багытталган.

139