7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт

10

Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен автоунаа чыгарылат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруунун даярдыгы учурда 75 пайызга жетип, заводду 2026-жылдын үчүнчү кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.

«Электр кыймылдаткычы менен иштеген жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүүгө жана чогултууга багытталган автомобиль өнөр жай кластерин түзүү долбоору ишке ашууда. Алгачкы этапта өндүрүштү ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен уюштуруу, андан кийин майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүү пландалууда», — деп жазылган маалыматта.

Жаңы өндүрүш ички рынокту экологиялык жактан таза транспорт менен камсыз кылууга жана экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миңге чейин автоунааны түзөт. Долбоор 15 гектар жер тилкесинде ишке ашырылып, 100 жумуш ордун түзүү каралган. Ошондой эле, ал ички керектөөдөн сырткары экспортко чыгарылат.

11