7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча артка кайтарылды

240

Өзбекстандан келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз «Кызыл-Кыя автожолу» фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталды.

«Карантин алдындагы продукцияны маркировкасыз алып кирүү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу жүк импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылды»,- деп айтылат маалыматта.

241