7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте окуучуну сабаган киши кармалды

581

Бишкектеги мектептердин биринде 8 жаштагы окуучуну сабаган деп 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдирди.

Буга чейин соцтармакта эркек кишинин окуучуну сабаган видеосу тараган. Анда залда тизелеп отурган баланы ары жактан басып келе жаткан киши ичке тээп, коркутуп, полго түрткөнүн көрүүгө болот.

Окуя 12-апрелде Чыңгыз Айтматов проспектиндеги мектептердин биринде болгон. Ошол эле күнү милицияга токмок жеген 8 жаштагы баланын апасы кайрылып, уулуна ата-энелердин бири кол көтөргөнүн айтып арыз жазган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча иш козголуп, шектүү кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүүдө.

 

582