7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Орто Азия темир жолунун өнөрканасы ачылды

294

Бүгүн № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинде Моцзы өнөрканасы ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди.

Ал Кытайдын Ляонин темир жол кесиптик-техникалык колледжи менен биргеликте ишке ашырылды. Анда Догдуркүл Кендирбаева Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу эртең расмий түрдө башталарын, бул өлкөлөр ортосундагы өтө чоң экономикалык соода байланышына алып келерин айтты.

Ошондой эле министр темир жол куруу ишканаларынын өкүлдөрүнө студенттердин такшалмадан өтүүсүнө, мугалимдердин жеринде практикалык билим алуусуна шарт түзүүнү сунуштады. Ал эми № 97 кесиптик лицейдин директору А. Колопов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында жаңы багыттагы адистерди даярдоо керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, долбоор президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген. Ага ылайык, темир жол транспорту тармагында жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо үчүн Орто Азия темир жолунун Моцзы өнөрканасы ачылып, поезддердин кыймылын уюштуруу жана көзөмөлдөө, темир жолду куруу жана оңдоо үчүн заманбап техника менен жабдылды.

295