Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
“ФОК Газпром детям” спорт комплексинде (“Арча-Бешик” к) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.
Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.
Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.
Турнирге төмөнкү командалар катышат:
— Президенттин командасы
— Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”
— Белгилүү ишкерлер — “Бизнес”
— Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”
— Футбол ардагерлери – “Алга”
— Спорт федерацияларынын жетекчилери — «Спорттук федерациялар»
— Жогорку Кеңештин депутаттары — «Жогорку Кеңеш»
— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — «Аймактар»
— Дин өкүлдөрү – “Ыйман”
— Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”
— Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»
— Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”
— Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”
— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — «Коопсуздук»
— Белгилүү спортчулар — «Спорт жылдыздары»
— Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.
Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган. Турнир жылына эки жолу (кышында жана жазында) өтөт.
Беттештердин графиги жана алардын трансляциясы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.