Нарын шаарындагы аз камсыз үй бүлөлөр үчүн 130 тонна көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-декабрь Нарын шаарындагы аз камсыз үй бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана үйүнөн тейленген жалгыз бой карыларга социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция башкармалыгынын көзөмөлү астында таратылууда.
Мындан сырткары Нарын шаарындагы жардамга муктаж 400 үй бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон жардамдар көрсөтүлгөн.