7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды

12

Бишкекте 16-мартта жол кырсыгынан бир адам каза таап, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган күнү саат 21:10 чамасында айдоочусу Ж.И.Ж., 2001-ж.т., Шевроле-Камаро үлгүсүндөгү автоунаасы менен Шабдан баатыр көчөсүндө батыш багытта бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги бордюрду сүзүп, андан соң бак-дарактарды сүзүп аласалып кеткен. Алган жаракатынан улам айдоочу окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми жанындагы жүргүнчү Б.З.З., 2002-ж.т., №4 ШК ооруканага акыреги, далысы, бел омурткасынан сынык жаракат жана бетинен кулагынан жаракат алып жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Учурда автоунаа айып токтотуучу жайга киргизилип, бардык тиешелүү укуктук экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы боюнча КРнын КЖПКнын ченемдерине ылайык чечим кабыл алынат», — делет маалыматта.

13