7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте салтка айланган «Мурас» футбол турнири башталды

472

Спорт — бул достуктун жана биримдиктин жарчысы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев футбол боюнча салтка айланган кезектеги «Мурас» достук турниринин ачылышында билдирди.

Аталган мелдеш мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, алтынчы жолу өткөрүлүп жатканын эске салган төрага ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн турган командаларга ийгиликтерди каалады.

“Спорт — бул достуктун жана биримдиктин жарчысы. Андыктан, бул спорттук иш-чарадагы негизги максат жеңишти эле багынтуу эмес, ынтымакты даңазалоо жана сергек жашоо образын жайылтуу”, — деген төрага ар бир оюнчуну жигердүү ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

Турнирде 16 команда күч сынашат. Алардын катарында өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган “Президент”, төрага Нурланбек Шакиев баштаган “Жогорку Кеңеш” командалары, агартуучулардан, дарыгерлерден, коопсуздук кызматкерлеринен, дипломаттардан, жергиликтүү жетекчилерден, журналисттерден, ишкерлерден, өнөрпоздордон, спортчулардан, дин ишмерлеринен жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган командалар да бар.

473