7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте самокат тээп бара жаткан өспүрүмдү унаа сүзүп кетти

912

Бишкекте айдоочу самокат тээп бара жаткан 13 жаштагы өспүрүмдү сүзүп алган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-майда болжол менен саат 18:50 чамасында Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаа Абдымомунов көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып Эркиндик көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн электрондук самокат тээп бара жаткан 2009-жылкы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

«Жол кырсыгынын кесепетинен самокат тепкен жаран жабырап №3 балдар ооруканасына жеткирилди. Ал эми айдоочунун унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулду. Азыркы учурда бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда»,-деп берилет билдирүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

913