Бишкекте айдоочу самокат тээп бара жаткан 13 жаштагы өспүрүмдү сүзүп алган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-майда болжол менен саат 18:50 чамасында Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаа Абдымомунов көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып Эркиндик көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн электрондук самокат тээп бара жаткан 2009-жылкы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
«Жол кырсыгынын кесепетинен самокат тепкен жаран жабырап №3 балдар ооруканасына жеткирилди. Ал эми айдоочунун унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулду. Азыркы учурда бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда»,-деп берилет билдирүүдө.