Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Чек арачылардын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Ардактуу мекен сакчылары! Кымбаттуу чек арачылар жана аталган кызматтын ардагерлери! Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан Чек арачылар күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Күнү-түнү көз ирмебей, мекен чегинде кызмат кылуу ар дайым каарман адамдардын асыл иши болуп келген. Анткени, мамлекеттин чек арасын кайтаруу ары татаал, ары жоопкерчиликтүү иш. Ошол эле учурда ардактуу милдет. Чек арачыларыбыздын каармандыгы жана мекенчилдиги өлкөбүздүн коопсуздугунун кепилдиги. Алар душмандардын соккусун биринчилерден болуп тосуп, дайыма алдыда турушат. Тилекке каршы, мекенибиздин чек арасында болуп өткөн кандуу жаңжалдарда көптөгөн азаматтарыбыздан айрылдык. Кыргызстандын чегинде эл-жери үчүн өмүрүн арнаган баатырларыбыз калкыбыздын эсинде түбөлүк сакталат. Биз журтубуздун бүтүндүгү үчүн курман болгондорду эч качан унутпайбыз.
Урматтуу чек арачылар!
Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, мекенибиздин тынчтыгы үчүн кылган кызматыңыздарга ыраазычылык билдирем! Айрыкча аймактык бүтүндүгүбүздү коргоп, чек арага жакын айылдарда оор шартта жашаган мекендештерибиздин да каармандыгын баса белгилегим келет. Жергебизге душман бутун бастырбай чеп болуп турган ар бир жараныбыздын мамлекетибиздеги туруктуулукту камсыздоодо ролу жогору.
Чек арабыз бекем болуп, өлкөбүздө тынчтык, бакубатчылык менен токчулук өкүм сүрсүн. Жараткан элибизди капыстан келген жоодон, капилет чыккан жаңжалдардан сактасын. Бабалардын жолун улап, урпактарыбызга гүлдөгөн Кыргызстанды калтыралы. Мамлекетибизге биримдик менен ынтымак орносун»,-деди төрага Талант Мамытов.