1987-жылы туулган Орусиянын Саранск шаарынын тургуну Наталья Демкинанын өзгөчө жөндөмү бар. Ал адамдарды рентген аппараты сыяктуу эле көрүп, кайсыл жери ооруйт экендигин айта алат. Бул жөндөмү тууралуу апасы менен Наталья алгач 10 жашында байкашкан.
Наталянын айтымы боюнча, ал алгачкы жолу апасынын денесин карап, анын органдары жөнүндө баарын туура айтып берип койгон. Кыздын апасы көпкө чейин ишенүүдөн баш тартып жүргөн. Андан соң үйүнө кошунасы келип, анын дагы кандай оорулар менен ооруйт экендигин сыртынан карап эле билип койгон.
Бир нече жумадан кийин ал адамдын ичегисинде бактериялардын ашыкча өсүү диагнозу коюлганы белгилүү болгон. Бул окуядан кийин анын жөндөмү тууралуу ата-энеси элге билгизгиси келген эмес. Бирок ушак-айыңдар тез эле жайылып кеткендиктен, кызга ден-соолугун текшертүү үчүн көп адамдар келе баштаган.
Мындай касиети менен аз убакыттын ичинде, ал популярдуулукка ээ болгон. Андан соң чет мамлекеттерге барып көп эксперименттерди жүргүзгөн. Изилдөөчүлөр сүрөт аркылуу адамдарга диагноз коюуну сунушташканда Наталья макул болуп, бир адамдын сүрөтүнөн боор рагын аныктаган. Коюлган диагнозу туура болуп чыккандыктан, Токио университетинин адам изилдөө борборунун докторлору Натальяга өзгөчө жөндөмүн тастыктаган документ берген.