Бишкекте сатуучуну бычак менен коркутуп, дүкөндү карактагандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Панфилов райондук нөөмөт бөлүмүнө 32 жаштагы О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, 7-июль күнү түнкү саат 00:10дор чамасында дүкөнгө эки эркек киши ууруга кирип, сатуучуга бычак такап, 14 миң сомун алып из жашырып кетишкени тууралуу жазылган.
Бул факт “тоноочулук” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Натыйжада, каракчылар ошол эле райондун тургундары экендиги жана 2000-жылы туулган Р.Т. менен 2003-жылы туулган Т.А. экендиги аныкталган. Ошондой эле милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн мындан башка да тоноочулукка катыштыгы бар экендигин тастыкташты. Ага ылайык ыкчам-тергөө амалдары көрүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.