7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатына барды

1440

Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Алтын Альянс» компаниясынын кызматкерлери алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүшкөн, натыйжада 25 кг ашуун алтын куймасы алынган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1 миң 86 кг алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 кг тазаланган алтын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2 миң 300 кг алтын өндүрүү пландалууда. Ошондой эле калдык сактоочу жайдын абалын текшерди.

Министрлер Кабинети үчүн экологиялык коопсуздук маселеси артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.

«Алтын Альянс» компаниясы маалымдагандай, калдык сактоочу жайга коюлган калдыктардын коопсуздугун камсыздалып жана кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сакаталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1441