7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
98,51
EUR 0,00%
1,19
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
10°C

“Өзүн коргонуу үчүн бычак колдонгон”.  Таксистти карактагандар кармалды

6754

Аламүдүндө таксистти сабап, аны тоноп кетишкен шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районун ИИБне 1963-жылы туулган К.А. аттуу жарандан арыз келип түшкөн.

Жабырлануучунун арызында,  27-июль күнү такси айдап жүрүп, Бишкек шаарындагы Ош базарынан ага кардарлар отуруп, ГЭС-5 айылына жеткирип коюусун суранган. Болжол менен саат 21:00 чамаларында көрсөтүлгөн дарекке жеткен учурда арткы орунда отурган балдардын бири айдоочуга кол көтөрүп, аны муунтуп, дагы бири автоунаанын ачкычын жана телефонун тартып алган.

Айдоочу бейтааныш балдардын колунан араң бошонуп, унаасындагы бычакка жетип, өзүн коргогонго аракет кылган. Ошол учурда кол салып жаткан балдар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Дароо бул боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган Б.Н., 1992-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жарандар кармалган.

Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

6755