7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте сауналар, мейманканалар текшерилип 1600дөн ашык кыз аныкталды

426

Бишкекте 30-ноябрдан баштап  “Притон-көпөлөк” рейди башталып, натыйжада 1600дөн ашык кыз аныкталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери сауналар, мейманканалар жана ижара батирлерди текшерип, профилактикалык иш-чаралар башталгандан бери 1 миң 600дөн ашык кыз аныкталып, райондук башкармалыктарга жеткирилип, алардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 97 кыз кайрадан милиция бөлүмүнө чакырылган.

Ошондой эле, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 159 (сойкулук кылууга тартуу) жана 160 (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 16 шектүүгө жогорудагы беренелер боюнча айып берилип, аларга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулуп, Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камакка алынган.

 

427