Бишкектин четиндеги Орок айылында 10 күн аралыгында 40 миң кишиге ылайыкташкан жаңы футбол стадионунун курулушу башталып, 2 жылдын ичинде бүтөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында айтты.
«10-15 күндүн ичинде стадиондун курулушу башталат. Азыр ойлоп жатабыз жаңы стадионду 2 жылда куруп бүтөбүз. Ошондой эле, Бишкектеги «Дөлөн Өмүрзаков» атындагы стадион дагы быйыл капиталдык оңдоп түзөөдөн өтөт», — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, Кыргыз футбол союзунун президенти болуп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шайланды.