7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте сода борборунда аялды ур-токмокко алган жаран кармалды

732

Бишкекте сода борбордун жанында аял кишини уят сөздөр менен сөгүп, сабап салган киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда саат 17:00 чамасында милицияга Фучик көчөсүнүн жээгинде жайгашкан соода борборунун жанында аялды сабап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Белгисиз киши менен аял урушуп, киши аялдын денесине залал келтирген.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда, ошол эле күнү шектүү катары 1972-жылы туулган М.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгү (Бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгоо чечими чыгарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

733