7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өспүрүм кызга ыдык көрсөткөн шектүү кармалды

273

Бишкек шаарында коомдук транспортто жашы жете элек кызга карата укукка каршы аракеттерди жасаган деп шектелген жаран кармалды.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 28-июнь күнү саат 17:30 чамасында болгон. 15 жаштагы кыз автобустун арткы орундугунда бара жаткан учурда жанында отурган эркек киши ага адепсиз аракет жасаган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында шектүү катары 35 жаштагы жаран кармалды.

Бишкек шаардык милициясы жарандарды, айрыкча балдарга карата жасалган укукка каршы аракеттер тууралуу дароо 102 кызматына билдирүүгө чакырды.

274