7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык кечеси өттү

368

27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында КРнын Эл артисти, композитор, обончу жана публицист Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык өзгөчө кечеси өттү.

Иш-чарага белгилүү маданият ишмерлери, бийлик өкүлдөрү жана коомчулук жигердүү катышты. Ардактуу коноктордун арасында Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов болду.

Максутов өз сөзүндө Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, “Түгөлбай Казаков – бул жөн гана таланттуу композитор эмес, ал кыргыз элинин патриоту. Анын музыкасы элибизди шыктандырып, бириктирип келет. Анын чыгармалары – бул кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн үнү”,- деди.

Кечеде көрүүчүлөргө Түгөлбай Казаковдун чыгармалары тартууланып, аларды артисттер жана жаш таланттар аткарышты. Кеченин өзгөчө бөлүгү болуп, композитордун өзү бир нече муунга тааныш жана жүрөккө жакын болгон ырларын аткарган көз ирмем болду. Иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушу көрүүчүлөрдүн жана мамлекеттик өкүлдөрдүн чоң баасына татыды. Катышуучулар шыктандыруучу атмосфераны белгилеп, Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы улуттук маданий мурасты сактоодо чоң роль ойной турганын баса белгилешти.

Чыгармачылык кече Түгөлбай Казаковдун музыкасы кыргыз элинин бай тарыхы менен руханий дүйнөсүнүн күзгүсү экендигин дагы бир жолу далилдеп, бул мурасты келечек муундарга өткөрүп берүү зарылдыгын эске салды.

369