7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте түнкү клбуда мушташкан эки жаран кармалды

190

2025-жылдын 8-декабрында болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын түнкү клубдарынын биринде эки белгисиз жаран ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, аталган жарандарды жакынкы милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Белгиленген тартипте жүргүзүлгөн процессуалдык иш-чаралардын жана наркологиялык медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында эки жаран тең спирт ичимдиктерин колдонгону аныкталган. Ошондой эле алар милиция кызматкерлеринин дарегине карата адепсиз, уят сөздөрдү колдонуп, коомдук тартипти бузушкан.

Натыйжада аталган жарандар Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтомуна ылайык, эки жаран тең Бишкек шаарынын ИИББнин атайын кармоочу жайына камакка алынган.

 

191