Бишкекте төрөлгөн 3 эм эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө. Эне менен балдардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кечээ, 20-декабрда Бишкек шаарынын №2 Клиникалык төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч уулду жарык дүйнөгө алып келген.
«Үч эм 20-декабрда саат 10:06да төрөлдү. Төрөт медициналык себептерден улам 35 жумада ыкчам жүргүзүлгөн. Операциядан кийинки мезгил өзгөчөлүксүз өтүүдө. Учурда алар эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө», — деп берилет билдирүүдө.
Биринчи баланын салмагы-2360 гр, бою 42 см, экинчиси — 1900 гр, бою 40см, үчүнчүсү-2490 гр, бою 50см.