Баткенде алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Н.У. 2022-жылдын апрель айында youtube аркылуу лотерея ойноткон жарандын М-Ваnk капчыгына 99 миң сом акча которгонун жана бүгүнкү күнгө чейин лотерея ойнотпой, качып жүргөнүн билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кылмыштардын бирдиктүү реестеринин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында лотерея ойнотом деген жарандын өздүгү аныкталып, Лейлек районунун Раззаков шаарынын тургуну 23 жаштагы Б.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.