Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арадагы куралдуу кагылышуудан каза болгон жоокерлердин арасында 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек дагы бар болгон.
Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейинде Баткен окуясынан курман болгон баатырларын эскерип, алардын элесин түбөлүк калтыруу максатында иш-чара болуп, жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейге өткөрүлдү.
19 жаштагы Асатбектин агасы Илязбек Балташев, анын баатырларча курман болгонун айтып, Асатбектин ысымы өзү төрөлүп өскөн Көк-Серек айыл аймагынын Тенги айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылганын айтты.
«Мамлекет тарабынан анын ата-энесине батир берилди. Батир береби же башка нерсе болобу, каза болгон бала эми кайтып келбейт. Ошентсе дагы алардын атын түбөлүккө калтыруу максатында кийинки муундарга алар жөнүндө жакшы пикирлер айтылса. Мамлекет болушунча жардам берип, алардын эрдиги бааланып жатат. Баткен окуясында каза болгон туугандарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Эч качан мындай чыр болбосун, мамлекетибизде тынчылык болсун,”- деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram