7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги мектептерде онлайн окутуу узартылды

509

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында онлайн режиминде окутуу ушул жылдын 28-декабрына чейин узартыла тургандыгын билдирди.

Мындай чечим 2022-жылдын 22-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары жана Бишкек шаарынын вице-мэри Бишкек шаарында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгын маалымдагандыктан улам кабыл алынды.

«Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 15-декабрындагы №2742/1 буйругунун негизинде онлайн режиминдеги окутууга которулган жалпы билим берүү уюмдарында окуу-тарбиялоо процессин күндүзгү формасында жүргүзүү облустук/райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. Менчиктик таандыгына жана түрүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (балдар бакчаларында) окуу-тарбиялоо процесси облустук/райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары тарабынан берилген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

510