7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көз жоосун алган Абант көлү. Болуга саякат

591

Түркия туристтик жерлерге бай экенин көпчүлүгүбүз көрүп, билип, угуп эле жүрөбүз. Сизге тааныш Мариям эне ибадатканасы, Кападокия, Анталия ошондой эле 81 облустан турган Түркияда сиз билбеген дагы да керемет, дагы да кооз туристтик дестинациялар бар. Алардын Болу облусунда жайгашкан бак-дарак, калың токойду арасында жайгашкан Абант көлү десек болот. Келиңиз бүгүн Абанттын көз кубанткан кооздугу, таза-тыкан, тынч атмосферасы, жайгашкан орду жана ал жердеги шарттар тууралуу жакындан таанышалы.

Абант көлү Болу облусунан чыгыш-батышынан 36 чакырым алыс жайгашкан Абант тоолорунда пайда болгон кратер көлү болуп саналат. Парктын аймагында бийиктиги 1 400 метрден 1 700 метрге чейин жеткен дөңсөөлөр бар. Абант көлү жыл бою кооз, мезгилге карата түрлөнүп турат. Көлдүн жалпы аянты 127 гектар, деңиз денгээлинен бийиктиги болсо 1 328 метрди түзөт.

Абант көлү жана анын тегереги өсүмдүктөргө бай болуп, ачык асман алдында эс алууга мүмкүнчүлүктөрү чоң болгондуктан 1196,5 гектар жер 1988-жылы “Жаратылыш паркы” болуп атайын коргоого алынган.
Абантта өсүмдүктөр жана жаныбарлардыгын жүздөгөн түрү бар. Ольха, эмен, терек, кайың, тал, арча, тамарис, фундук, ромашка, долоно, роза, папоротник, карагай, кулпунай, жалбыз, малина, чырмоок, чалкан сыяктуу өсүмдүктөр өсөт.
Кызыл китепке киргизилген кичинекей саламандра, Абант гүл балыгы жана Абант фундук чычканы сыяктуу жаныбарлар бар. Көл жээктери балык кармап эс алууга өтө ыңгайлуу. Көл жээктериндеги токойлордо бобр, түлкү, чөө, карышкыр, аюу, каман, бугу, элик, коён, багыш, суур сыяктуу жапайы жаныбарлар, куш түрлөрүнөн жапайы каз, өрдөк, турналар, жырткычтардан болсо шумкар, кара гриф, бүркүт, шумкар, үкү, кара шумкар, ларк, кара тоок, булбул сыяктуу куштардын түрүн көрө аласыз.

АБАНТТА ТУРИСТТЕРГЕ ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАР


Абант табият паркынан жылдын төрт мезгилинде тең киши арыбайт. Туристтер табият музейине барып, көл жээги жана кемпингдерде эс алып, балык кармап, велосипед менен кыдырып, от минип, парапланда учуп чер жазып кетишет.

АБАНТТА ЖЕГЕНГЕ ЭМНЕ БАР? КАНДАЙ БЕЛЕКТЕРДИ ТАПСА БОЛОТ?
Абаттын аймагын киргенде шишкебек жыты, каңылжарды кытыгылайт. Ал жердеги жергиликтүү калк токой шишкебек, шорпо, экмек аш жана хошмерим таттууларын жасап, сатышат. Ошондой эле бир Абант көлүндө гана жашаган гүл балыгын бышырып саткан ресторондар, чучуктуу колбаса жасаган жерлер да бар. Ал эми көл жээктеп басып баратып, түрдүү сувенирлерди сатып алып кетеберсеңиз болот.

АБАНТКА КАНТИП БАРАМ ДА, КАЯКТА ТҮНӨЙМ?
Болу облусуна Станбулдан шар аралык автобустар график менен токтоосуз жүрүп турат. Ал эми эс алуу, түнөп калуу үчүн болсо көлдүн тегерегинде «bungalov» формасындагы үйлөр, лагерлер жана ресторондар бар. Абан жолунун жээктерине мотел жана пансионаттар да салынган. Абатка келген туристтер акчаларын үнөмдөө үчүн атайын кемпинге бөлүнгөн жерлерге чатырларды тигип жашап, эс алса да болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592