Бишкек шаарында төрт каттамдын троллейбустары автобустарга алмаштырылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Эми №4, 5, 8, 10 автобустар ушул номердеги троллейбус каттамы менен жүрөт. Троллейбус каттамдарын алмаштырууга жаңы автобус линиялары ишке кирет. Автобустар келген учурда №14 жана №17 троллейбус каттамдары калыбына келтирилет.
Учурда троллейбустук автобазаларда электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду.
Троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар жарандарды тейлейт.