7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунун 3 судьясы эмне үчүн кармалганы маалым болду

262

Өзгөчө оор кылмыш боюнча сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен 1982-жылы туулган Х.С.С. Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышка күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун жогорудагы чечими апелляциялык инстанцияда, Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. судьялар курамы тарабынан кайрадан каралып, сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарылган.

Ага ылайык Х.С.С.га 8 жылга эркинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалган жана өкүмдүн аткарылышы башка мамлекеттин аймагында болуп, энесинин камкордугунда болгон анын уулу 14 жашка чыкканга чейин мыйзамсыз кийинкиге калтырылган.

Сот адилеттигине жатпаган чечимдин натыйжасында соттолгон жаран камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен. Башкы прокурору тарабынан Жалал-Абад облустук сотунун судьяларына карата чогултулган материалдар боюнча кылмыш иши козголгон жана 22-ноябрда Жогорку соттун Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү жактырган.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен жогорудагы судьялар УКМКнын тергөө абагына 1 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

263