7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте театр жумалыгы өтүүдө

592

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каниметованын чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган театр жумалыгы башталды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, аталган иш-чарага келген Гүлайым Каниметованын замандаштары, кесиптештери, маданият тармагындагы көрүнүктүү ишмерлер жана театр сүйүүчүлөрү режиссёр Уланмырза Карыпбаев тарабынан сахналаштырылган драматург Кайрат Иманалиевдин “Акыркы кат” спектаклине күбө болушту.

Чыгармачыл жумалык 17-майга чейин уланып, анын катышуусундагы ар кыл спектаклдер көргөзүлөт.

Жумалыктын алкагында төмөнкү спектаклдер коюлат:

14-май – Ж. Садыков “Төлгө” (эпикалык драма);

15-май – Ч. Айтматов “Эсимде” (драма);

16-май – Т. Касымбеков, К.Сактанов “Курманжан Датка” (тарыхый драма);

17-май – М. Карим “Ай тутулган түндө” (трагедия).

593