7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте темир эритүүчү цехтен өрт чыкты

726

Ленин районунун Чынгыз Айтматов жана Лев-Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ленин заводунун аймагындагы темир эритүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМнен жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 1 бригада тартылып, өрт саат 07:23тө чектөөгө алынган.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн болжолду аянты 500 м2. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727