Бүгүн, 22-октябрында Бишкек шаарында УКМКнын колдоосу астында, КМШга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы борбору (КМШ ТКБ) тарабынан уюштурулган, КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары жана укук коргоо органдары терроризмге жана экстремизмден башка зордук-зомбулук көрүнүштөрүгө каршы туруу боюнча, Коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси өткөрүлдү.
Иш-чарага КМШ ТКБ өкүлдөрү, Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетини, Кыргыз Республикасынын УКМК, ИИМ жана УКМК Чек ара кызматынын, Оруссиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигини,Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетини, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын расмий өкүлдөрү, КМШ коопсуздук проблемалары боюнча илимий изилдөө институтунун эксперттери катышышты.
Кеңешменин алкагында Ооганстандагы ички саясий кырдаалдын курчушунун чегинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алышуу болду. Бүгүнкү күндө анын туруксуздугунун олуттуу фактору болуп КМШ мамлекеттеринин террористтик активдүүлүг күчөгөн аймактарга географиялык жакындык болуп саналат, бул алардын аймагына чыңалууну өткөрүп жиберүү, ошондой эле терроризм идеологиясын жайылтуу, калкты экстремисттик жана террористтик иштерге тартуу коркунучу жаралары айтылды.
Катышуучулар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти улантуу зарылдыгын, анын ичинде Борбор Азиядагы террордук, экстремисттик уюмдардын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун абалына жана ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүчү тиешелүү топтун алкагында, тийиштүү маалымат алмашууну, террордук согушкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо үчүн миграциялык агымдарды тактоо, террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоо үчүн кылмыш жазасынан жашынган адамдарды мамлекеттер аралык издөө чөйрөсүндө координацияланган иш-чараларды жүргүзүү талкууланды.
КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын атайын кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын координацияланган иши боюнча эксперттик кеңешменин жүрүшүндө түзүлгөн сунуштар жана каалоолор жыйынтыктоочу документте чагылдырылды.