7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өткөн жалпы ишембиликте 7 тонна таштанды чыгарылды

491

Бүгүн, Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлеринин катышуусунда Пригородное айылындагы И.Таранчиев атындагы сейил багында ишембилик өткөрүштү.

Паркты таштандылардан тазалап, отургучтарды сырдашты. Учурда 7 тонна катуу тиричилик таштандылары чыгарылып, куураган чөп, жалбырак, бак-дарактардын бутактары жыйналып алынды.

Мындан тышкары, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактарда ишембилик өткөрүлдү.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

492