7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Кубат Чекиров: Көкпар айланасында чыккан чыр коом менен жалпы элге өтүп кетпеш керек

179

2024-жылдын 8-сентябрынан 13үнө чейинки окуялар тууралуу белгилүү журналист, медиа-эксперт, Би-би-си-нин Кыргыз кызматынын редактору, «Кут Билим Медиа» борборунун директору Кубат Чекиров менен маек

– Советтер Союзунун акыркы жылдарында Кыргызстан индустриалдык-агрардык жумурият болгон, анын дүң өндүрүмүнүн 40 пайызын гана айыл чарба берип, жарымынан көбү өндүрүштөн түшүп турган. Кийин, отуз жылдын ичинде, экономиканын жарымына жакынын тейлөө тармагы басып кеткен. Бирок акыркы жылдары абал оңолуп, Кыргызстан азыр автомобилден тартып лифттерге чейин, ноутбуктардан тартып тик учмаларга чейин чыгара баштады. Мындай экономикалык саясатты колдоо гана керек.

– Бирдиктүү түрк алфавитин түзүү аракеттери тээ 1990-жылдардын башында эле демилгелене баштаган жана ошол эле жылдары Азербайжан менен Түркмөнстан латин арибине өтүп кеткен, кийин андай кадамга Өзбекстан дагы барды жана азыр бул маселе менен Казакстан дагы алпурушууда. Кыргызстан 30 жылдан бери шартка жараша аракеттенебиз деп келет, бирок жыл өткөн сайын кириллицадан латиницага өтүү улам татаал болуп баратат, аны – Өзбекстан менен Казакстандагы окуялар эле көрсөтүп турат.

– Американын Солт-Лейк-Сити шаарында 2002-жылы кышкы Олимпиада өткөндө, муз тебүү боюнча алтынды калыстар орусиялык жуп Елена Бережная менен Антон Сихарулидзеге берген, бирок 2-орунда калган канадалыктар катуу каршылык билдиргендиктен, калыстар кайра чогулуп, Жами Сале менен Давид Пеллетьеге экинчи алтын медалдарын тапшырган. Астанада казак улутундагы калыстын айынан көкпар боюнча финал учурунда чатак чыкканда, ал жалгыз калыстан өйдө турган уюштуруучулар Солт-Лейк-Ситидегидей чечимге келе алган жок. Бирок спорт аймагында чыккан чыр эч качан коом менен жалпы элге өтүп кетпеш керек…

Жуманын негизги окуялары:

– Польшанын жардамы менен Кыргызстандагы «Шумкар» аттуу ишкана чыгарган 2 адам үчүн ылайыкташтырылган тик учмалар көргөзмөдө көрсөтүлдү.

– Нарын облусундагы «Нарын-мото» компаниясы – 2 тоннага чейин жүк ташый ала турган мотоциклдерди чыгарып кирди.

– Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн «Мекен» деген ноутбуктар чогултула баштады, бирок Билим берүү министрлиги аларды эмес, чет өлкөлүк «Медичи» деген компанияныкын эмгиче алат экен.

– Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндөгү лифттер алмаштырылууда жана ал үйлөргө Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн лифттер коюлууда. Жыл сайын жүздөн лифт алмаштырылат деп айтылууда.

– Көлдө Кыргызстан менен Орусия ортосундагы VI экономикалык форум болуп өттү, орусиялык вице-премьер Оверчук минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго Орусиянын «Достук» орденин тапшырды.

– Орусиялык «Росатомдун» жардамы менен Ысык-Көлдүн Тоң районунда өлкөдөгү алгачкы шамал электр станциясы курула баштады, анын кубаттуулугу 100 МегаВатт болот.

 

– Түрк мамлекеттер уюмунун Бирдиктүү алфавит боюнча комиссиясы 9-11-сентябрда Бакы шаарында жыйын өткөрүп, анда 34 тамгадан турган түрк тилдери үчүн бирдиктүү алфавит алынды.

– Балыкчыда биргелешкен аскерий машыгуу аяктагандан кийин, 11-сентябрда Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов келип кетти.

– Каржы министрлигинин айтымында, 2024-жылдын бюджетинде Камбарата-Бир ГЭСинин курулушуна 1 млрд 567 млн сом, ал эми «Орто-Токой» чакан ГЭСи үчүн 2 млрд 146 млн сом бөлүнмөй болду.

– Билим берүү министрлигинде кабыл алынган буйрукка ылайык, аз окуучу окуган 53 мектеп башкаларга кошулат, эң көп андай мектеп – 22 – Ош облусунда экен, Нарында – 10 мектеп.

– Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна Кыргызстан мамлекеттик бюджеттен 11 млрд сом бөлүнөт деп пландалууда.

– 10-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама тайпасы өз талаасында өзбек атаандаштарына 2:3 эсебинде утулду.

 

– Кечээ күнү Астанада Дүйнөлүк бешинчи көчмөн оюндарынын жабылуу салтанаты болуп өттү, көрүүчүлөр ага катышкан жок.

– Медалдардын саны боюнча биринчи орунга Казакстан чыкты (44 алтын + 33 күмүш + 37 коло), экинчи орунда Кыргызстан (18+21+25), үчүнчү – Өзбекстан (11+12+11).

– Ордо оюну, жорго салыш жана көк-бөрүдө кыргыздар алтын медаль алды. Ат чабыш менен аламан-байгеде казактар алдыга эч кимди чыгарган жок, бирок кокпар боюнча чатак чыкты.

– Дүйнөлүк алтынчы көчмөндөр оюну 2026-жылы Кыргызстанда өтмөй болду.

– Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп Азамат Юсупов дайындалды.

– 12-сентябрда Азимбек Бекназаров УКМКга суракка чакырылып, сурактан кийин кармалды, ал – 2010-жылдагы тополоң учурунда банк кутуларынан жана өкмөт үйүнөн алынган каражаттарды ысыраптаган деп күнөөлөнүүдө.

– Ошол эле 12-сентябрда Өндүрүш жана энергетика комитетинин мурдагы башчысы Зилалиев жана депутат Гүлкан Молдобекованын жардамчысы өз кабинетинен кармалып кетти.

 

– Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу борборунун аймагында балдардын жүрөк хирургиясы боюнча оорукана курула баштады, ал 2025-жылдын март айында ишке киргизилет деп пландалууда.

– Бүгүн Опера жана балет театрынын артисттери Токтогул эстелигинин жанында ачык асман алдында концерт койду.

– Эмдиги жылдын бюджетинде «Үч чоку» деген туристтик долбоорго 916 млн сом бөлүнмөй болуптур.

– 10-сентябрдан 10-декабрга чейин билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилдин Үч айлыгы жүрүп жатат.

– Кыргыз-өзбек чек арасында 10 жылдан бери жабылып турган Кара-Суу жана Кең-Суу чек ара өтмөктөрү 12-сентябрда кайра ачылды.

180