7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте тоноого шектелип эки жаран кармалды

271

Бишкекте тоноого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү болжол менен саат 01:50 чамасында Бишкек ШИИББинин «102» кызматына Термичиков жана Гагарин көчөлөрүндөгү унаа жуучу жайлардын биринен чөнтөк телефонумду тартып алышты деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1999-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсинин 14 миң сом турган уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде шектүү катары 1996-жылы туулган З.А. жана 1997-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалган. Алар тергөө үчүн Ленин РИИБине өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272