Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2-мартта Биринчи май райондук милициясына жаран арыз менен кайрылып, «MIRELLE & COMPANY» ЖЧКсынын директору жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору туристтик тур уюштуруу үчүн акча каражатын алган, бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес.
Текшерүүдө шектүү 307 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Натыйжада жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда милиция бул иш боюнча башка жабырлануучуларды аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.
Эгерде жарандар бул факты боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсо же жабыркаса, Биринчи май райондук милициясына же 102 номерине билдирүү зарыл.



