7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “Улуттук нарк жөнүндө” президенттин жарлыгын ишке ашырууну талкуулашты

767

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 27-майда, президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча конференцияга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 21-майында кол коюлган “Улуттук нарк жөнундө” Жарлыкта —  “Азыркы мезгилде элибизге жаӊы көз караштарды, ойлорду сунуштап, эксперимент жүргүзө берүү эмес мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы чыгып жаткандыгын белгилейбиз”,- деп айтылат.

Жарлыкты ишке ашыруу жана максаттарына жетүү максатында КР Мамлекеттик катчысына коомчулуктун, билим берүү жана илим, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу жана сунуштоо тапшырылган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы кыргыз элинин көчмөн каада-салты, жашоо-турмушу, үрп-адаттары элдин аң-сезиминде эзелтеден орун алып, муундан-муунга өтүп келе жатканын белгиледи.

“Элибиздин каада-салты, жашоо-турмушу, үрп-адаттары ар дайым биз менен болуп, бизге таяныч болуп келген. Салт – биздин мурасыбыз, өзгөчөлүгүбүз. Аларды эстен чыгарбай, ар тараптан өнүктүрүү жана келечек муунга өткөрүп берүү бүгүнкү биздин милдет. Биз дайыма салтты карманып келгенбиз. Алар биздин үйдө туугандар менен болгон күнүмдүк мамилебизде, көчөдө кошуналар менен болгон мамилебизде жана башкаларда даана көрүнүп турат”, — деп белгиледи ал.

Сүйүнбек Касмамбетов кошумчалагандай, бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты — маалымат чогултуу жана белгилүү эксперттердин пикирин угуу. «Иш-чаранын жыйынтыгында бардык баяндамалар, айтылган пикирлер, каалоолор, жада калса сындар да эске алынат. Учурда президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча программа түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул жерде чогултулган бардык материалдар изилденип, андан ары программада чагылдырылат. Мындан тышкары, аймактарда дагы ушундай иш-чаралар өткөрүлөт», — деп жыйынтыктады ал.

Азыркы учурдагы кыргыз элинин каада-салты, жашоо-турмушу деген темадагы талкууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, педагогдор, аймактардан келген аксакалдар, ошондой эле ар кыл коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768