7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Мамлекет илимди каржылоону олуттуу түрдө көбөйтөт, бирок бул каражаттар натыйжалуу пайдаланылышы керек

480

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага илим жана инновация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучулары Улуттук илимдер академиясынын институттарын өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен интеграциялоо, жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуу процессин эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров баса белгилегендей, өлкө жетекчилиги билим берүү, илим жана медицина сыяктуу тармактарга мамлекеттик колдоону күчөтүүнү көздөп жатат.

«Мамлекет илимди каржылоону олуттуу түрдө көбөйтөт, бирок бул каражаттар эң натыйжалуу пайдаланылышы керек, ал эми илимий изилдөөлөр натыйжага жете турган мүнөздө болуп, экономиканын өсүшүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга олуттуу салым кошуусу зарыл», — деди ал.

Акылбек Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйындарынын биринде билим берүү жана илимди өнүктүрүү боюнча программалардын карала турган бир нече варианттарын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

481