7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

771

Бишкек шаарында боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, вице-мэр Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин райондук кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышты.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу менен эскерип, курман болгон жоокерлердин мемориалына гүл коюлду.

Эске салсак, бул көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда жаракат алган кыргыз, орус, украин, белоруссия, казак жана башка бир тууган элдердин 248 мыкты уулдарынын сөөктөрү коюлган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772