7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган кыргыз жарандары жана студенттери менен жолугушту

577

Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун Медина шаарында жашаган КРнын жарандары жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Элчи Марипов жарандарга КРнын президенти жана Министрлер кабинети тарабынан социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле билим берүү жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалыматты берди.

Ошондой эле, биздин жарандарга КРнын президенти тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалыматты берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарыбыздын жана студенттерибиздин бардык суроолоруна, анын ичинде билим берүү тууралуу документтер боюнча жооптор берилди.

Элчи Марипов Сауд Арабиясында окуп жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аларды Элчилик уюштурган ар кандай иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

​Ошондой эле, ажылыкты уюштуруу учурундагы көйгөйлөр менен таанышуу максатында Мариповдун кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарды уюштуруучу Кыргыз Республикасынын компанияларынын өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуулары болуп өттү.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиянын аймагында Кыргызстандын 600гө жакын жараны жашайт, алардын 230дан ашуусу студенттер жана алардын үй-бүлөлөрү. Студенттердин негизги бөлүгү Меккедеги белгилүү “Умм аль-Кура”, Мадинадагы “Ислам университети”, Эр-Рияддагы “Малик” жана “Имам” университеттеринде билим алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578