7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат

507

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери Ч. Айтматов-Горький көчөлөрү, Байтик-Баатыр-Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, Манас/Ч.Айтматов проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин өндүрүштүк планга киргизген.

Учурда Л.Толстой көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат.

«Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга бороон-чапкынды кабыл алуучу торлорду (ЖПР) орнотобуз.

Мындан тышкары, “Бишкекасфальтсервис” МИ борбор калаанын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин улантууда»,- деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508