Бишкекте 4-майдан 24-майга чейин Сүйүнбаев көчөсү, Чүй проспектисинен Огонбоев көчөсүнө чейин унаа кыймылы жарым-жартылай жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жерде «АкНазЭлбилдинг» подряддык уюму «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын долбооруна, «Бишкектеплосеть» ААК тарабынан берилген техникалык шарттарга, ошондой эле жер иштерин жүргүзүү ордерине ылайык жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын төшөйт.
Белгилей кетсек, жол жабылган учурда унаалар өтүүчү альтернативалык жолдор Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү.