Ички иштер министрлигинде турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Анда турак жай кооперативдеринин ишмердигинде аныкталган мыйзам бузуулар фактысы боюнча 130дан ашык кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү кеңири талкууланып жатат, мындан тышкары аталган коммерциялык эмес бирикмелер боюнча укук коргоо органдарына кайрылуулардын фактылары көп. Калкта алдамчылык аракеттердин курмандыгы болуу коркунучу бар.
Турак-жай көйгөйлөрүн чечүү азыркы учурда мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат, мамлекеттик кредиттөө программасы башталды. Ошол эле учурда, рынокто аздыр-көптүр пайдалуу шарттарда турак-жай сунуш кылган турак-жай кооперативдеринин саны көп болду, бирок алардын ишинде айкындуулуктун жана ачыктыктын жоктугу каралууда. Турак-жай сатып алууга арналган аманатчылардан чогултулган акча каражаттары кепилдиктер менен бекемделбейт»-деп берилет билдирүүдө.
2022-жылдын башынан тартып 26-апрелге чейин кыймылсыз мүлк рыногунда турак жай кооперативдеринин ишмердигинде аныкталган мыйзам бузуулар фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан 130дан ашык кылмыш иши козголгон. Учурда 37 кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап, материалдар андан ары териштирүү үчүн сотко жөнөтүлдү. Жабыркагандардын саны 198 адамды түзөт. Жалпы материалдык зыян 121 миллион сомдон ашык. Мындай фактылар олуттуу тынчсызданууну жаратат.
Ушуга байланыштуу турак-жай кооперативдеринин иши менен байланышкан укуктук жөнгө салуу маселелерин комплекстүү изилдөө зарылдыгы бар. Турак-жай кооперативдеринин ишине мониторинг жүргүзүү жана бул иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү, деп билдирди Ички иштер министринин орун басары.