Бүгүн, 6-майда Жалал-Абад шаарында салтка айланган веложүрүш өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, мекеме-ишкананалардын кызматкерлери, спортчулар жана шаар тургундарынан жалпы 300дөй адам катышты. Гулбарчын Таштанбекова катышуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен бирге мындай иш-чаралардын өтүп турганы адам баласынын сергек жашоо образына оң таасир берээрин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, веложүрүш Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата өткөрүлдү.