7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте унаа оңдоочу жай өрттөнүп, 40 адам эвакуацияланды

604

7-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыккан.

«Октябрь районунан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлүп, өрт толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, мында жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын абалы жакшы»,- деп билдиришти ӨКМден.

Ал эми унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

605