Бишкекте унаадан өрт чыгып, жанындагы унаа кошо күйдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы 1-декабрь күнү саат 03:20 чамасында Биринчи Май районунун Худайбергенов көчөсүндө катталган. Жолдун жээгинде “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа толугу менен жана жанаша турган “Тойота Камри С230” үлгүсүндөгү унаанын бампери күйгөн.