7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Текебаевдин жердеши ага кайрылуу жасап, карылыкты Базар-Коргондон сүрүүгө чакырды

6458

Парламенттик шайлоого аттанган «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жердеши Исмат Бекжанов, анын кичи мекени Базар-Коргон эли эмне үчүн колдобоорун айтып чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

«Ассалому алейкум! Урматтуу калайык калк. Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп , менин жердеш авам Өмурбек Текебаев, женилгенин билип туруп , 2010-жылкы шайлоонун жыйынтыгындай өзүнүн сүрүн көргөзүп, кантип болбосун Жогорку Кеңешке кирип алуунун амалын жасап атат, так ошол 2010-жылы ызы-чуу салып, араң мандат алган эле. Эми мындай Өмүрбек ава сизге мандат керек болсо, кыргыз элине стабилдүүлүк керек, бул шайлоону бир эле кыргыз эли күткөн жок, чет жактан келчү инвесторлор да күн санап күтүп келди, мына ошолордун үмүтүнө, кыргыз элинин ырыскысына суу сеппеңиз.

Эми сиздин кадыр баркыңызга өтөйүн, эгер сиз он беш жыл мурункудай мекенчил, элдин үнүн бийлике тайманбастан айтып, эл тарабында болгонуңузда, биз Базар-Коргон эли бир добуштан шайлап, сизди бул күнгө чейин президент кылып коймокпуз, бирок андай болгон жок, себеби эл сизге ишенбейт. Сиз шайлоолордо эл тарапка секирип өтөсүзда, шайлоо бүткөндөн кийин бийликке жагалданып, элди биротоло унутасыз, тагыраагы бир бутуңуз оппозиция, бир бутунуз позиция, талтайып жүрүп өзүңүздүн кадырыңызды жоготуп алдыңыз.

Бул шайлоодо болсо, өзүңүздүн Ата-Журтуңуз Базар-Коргондон 5%да добуш албаптырсыз, анан кайсыл добушуңузду жоготуп, издеп жүрөсүз?

Ал эми Базар-Коргон элинин бир да көйгөйүн, бир дагы жолу парламенттен көтөрүп койгонго жараган эмессиз, анан кантип сизди эл шайласын? Элдин кызматын кылчу жаны эр азаматтар бар экен, бул ирет парламентте сиздин ордуңузду басчу Медер Алиев, Эрулан Көкүлов, мына ушулардын заманы келди Өмурбек ава, азыр да кеч эмес, Базар-Коргонго келиңиз, эл арасында бактылуу карылык доорун сүрүңүз, парламентте мындан ары сизге орун жок! Мындай таза шайлоону бирда президент өткөрө алган эмес!

Урматтуу Кыргызстандыктар! Келгиле ызы-чуудан алыс болуп, ойу бузук саясатчылардын курмандыгы болбойлу, алсырап турган өлкөбүздү ого бетер уратып албайлы, заман өзгөрдү, жаңы муундар келе баштады, өлкөбүздү болуп көрбөгөндөй башка нукка буруу —  мына биздин колубузда. Митинг, пикет бул мамлекетке пайда эмес зыян алып келет, өнүгүүгө бет алалы, өлкө башчыбызга жардам берели. Урматым менен Бегжанов Исмат Замирбекович», — деп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6459