Бишкекте жасалма номер тагылган Toyota Crown үлгүсүндөгү автоунаанын ээси кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда кайгуул кызматкерлери Ахунбаев жана Матрасов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Crown автоунаасын токтотушкан. Керектүү документтерди текшерүү маалында унаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги аныкталган.
«1979-жылы туулган А.К. аттуу айдоочунун автоунаасынын номери жасалма экендиги аныкталып, унааны Россиянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын базасындагы “Авто-Код” жана Авто-Проверка” сайты менен текшерген учурда бул унаанын кузовунун номери техникалык каражаттагы номерге дал келген эмес. Так эле ушундай автоунаа Россия Федарциясында катталып, азыркы учурда айдап жүргөндүгү аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.
Автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга чара көрүү үчүн Октябрь райондук Тергөө кызматына жеткирилген.