7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык жөнүндө Жобону бекитти

905

Садыр Жапаров Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык жөнүндө Жобону бекитти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жобо боюнча, Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар жана кеңири коомдук таанууга ээ болгон адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.

Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана чыгармачылык бирликтери Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга чыгармачылык эмгектерди көрсөтүүгө укуктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906